Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Оюн сөз менен түшүндүрүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо, сүйлөө. Суктанткан суунун атасы, Мураптын жайын айталык (Осмонов). Айтмайынча – ким билет, ачмайынча – ким көрөт? (макал). Мен көп сүйлөөнү каалабайм, ток этер жерин айтамын (Каимов). Элебес Шамбеттерге бирдеме деп айткандай болду (Сыдыкбеков). 2. Кабар кылуу, бир нерсе жөнүндө кабарлоо, кабарлап чакыруу. Назарбай уулу үйлөнөт имиш. Бизди тойго айткан экен (Касымбеков). 3. Кээ бир элдик оозеки чыгармаларды (кошок, эпос, жомок, табышмак, жаңылмач ж.б.) аткаруу, көпчүлүк алдында баян этүү, сүйлөп же ырдап берүү. Кошок айта тургандар тигил үйгө, калган аялдар бул үйгө кирсин деп калышты («Ала-Тоо»). «Манас» айткан карыя сиз болосузбу? – деп сурадым. Мен кыргыздын ыр-жомокторун, эски уламыштарын айтчу кишилерге үйүрмүн («Ала-Тоо»). 4. Диний түшүнүк боюнча башына кыйынчылык түшкөндө, андан кутулуу үчүн кудай жолуна деп бир нерсе арнай турганын, садага берерин билдирүү. Жети нан баабедин айттың беле? Ак сарбашыл айтып, кудайды үмүткөр кылган экенсиң, бирдеме сойбойсуңбу («Ала-Тоо»). Баабединин бат айтып, Ай туякка ат айтып («Сейтек»). 5. Тангыч формада: айтпа, айткан жок буюрбаптыр», «ылайык көрбөптүр» деген мааниде колдонулат. Сүзөнөөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган экен (макал). Эч болбоду дегенде«ырдан да кудай айтпады! – деп бир абышка Өмүргө карады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Малды кайырууда, айдоодо, тескөөдө колдонулат. Айт! айт! деп аттарды алдына салып кууп бараткан экен («Ала-Тоо»). 2. Итти айдактоодо, тукурууда колдонулат. Тайгандарын«айт» деп жиберди. 3. Үркүтүп, чочутууда колдонулат. Кыярып бышкан ак эгин, Арам колдон аман бол. Айт, айт, куу! (Осмонов).